Хабиб атаандашы Конорду "тургузбай" же "ургузбай" талкалады. Бирок кандайдыр бир себептер менен Нурмугамедовго алтын кур берилбей калды

7 октября 2018 11:30 8172 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Россиялык Хабиб Нурмагомедов ирландиялык мушкер Конор Магкрегорду утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону боюнча калганы менен ага ыйгарыла турчу алтын курду кандайдыр бир белгисиз себептер менен бербей коюшту. Кырчылдашкан кыл чайнаш беттеште Хабиб Макгрегорду жаткызып алып, бутун кысып турганга же урганга мүмкүнчүлүк берген жок. 

Беттеш Лас-Вегаста өтүп, убада бергендей эле Хабиб Нурмагомедов атаандашы  Макгрегордду раунддан талкалады. Ал буга чейин ар кандай сөгүштөрдү айтып жинине тийген Макгрегорду "Раунддан сени менен сүйлөшөм, эч ким куткара албайт сени менден, көрөсүң!-деген эле. Мушкерлердин беттешүүсү аяктап, Хабиб раунддан чыгаары менен Конордун тарапташтары ага карай чабуул кылып, эки тарап мушташып кетишти. Андан соң, Хабиб бир азга раундга чыкпай көрүнбөй калды. Жансакчылардын жардамы менен кайрадан рингтке чыккан Хабиб "Менин курум кайда?, "Эмне бербей жатасыңар?-деген суроону салды. Калыстар кандайдыр бир белгисиз себептер менен куру берилбей тургандыгын айтышып, мушкерди "чемпион" деп жарыялашты. 

Таймашты белгилүү рефери Хёрб Дин тескеди. 

Буга чейин Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.



Ссылка: https://barometr.kg/habib-ataandashy-konordu-turguzbaj-zhe-urguzbaj-talkalady-birok-kandajdyr-bir-sebepter-menen-nurmugamedovgo-altyn-kur-berilbej-kaldy



Добавить комментарий