Коменданттык саат: Бишкекте бир суткада 119 киши тартип бузду

1 апрель 2020 09:21 1375 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир суткада Бишкек шаарында коменданттык саат режимин 119 киши бузганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев маалымат жыйында билдирди.

“Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин борбор калаада 119 тартип бузган жаран кармалды. Алар 17 аял, 102 эркек, анын ичинде 3 чет өлкөлүк жаран. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 995 адам кармалган”, - деди ал.

Бишкекте өзгөчө абал жарыяланып, кечкисин коменданттык саат киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/komendanttyk-saat-bishkekte-bir-sutkada-119-kishi-tartip-buzdu



Добавить комментарий