Бишкектеги батирлердин биринен колго жасалган жардыргычтын муляжы табылды
Колго жасалган жардыргычтын муляжы табылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Ага ылайык, 9-февралда саат 7:45тер чамасында Бишкек шаардык ИИБ нөөмөт бөлүмүнө жашоочулардын биринен батирдеги чыгып жаткан катуу ызы-чуу тууралуу кабар түшкөн. ИИМ кызматкерлери жерине келгенде, мас абалындагы батир ээси Р.У. жана аны менен бирге турган Б.Ч. ортосунда уруш чыкканы аныкталган.
Батирди тинтүү учурунда саат орнотулган механизми бар, колго жасалган жардыргычка окшогон куту табылган. УКМК кызматкерлери менен биргеликте кутуну кароодо ал муляж экендиги табылды.
Р.У. айтымында муляж тааныштарын тамашага салуу максатында жасаган. Тинтүүнүн жыйынтыгында башка тыйуу салынган заттар табылган эмес. Муляж табылган факт боюнча Бишкек шаардык ИИБ тарабынан материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүгү (Атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу, КР УКМК жарандарга ар бир жасаган иш-аракеттерди жана алардын кесепеттери канчалык олуттуу экенин эске алууга чакырат.
Ссылка: https://barometr.kg/kolgo-zhasalgan-zhardyrgychtyn-mulyazhy-tabyldy
Добавить комментарий ×