Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө жоокерлерге зомбулук көрсөткөн командирлер кармалды

16 август 2018 02:20 1897 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кой-Таш аскер бөлүгүндө жоокерлерге зомбулук көрсөтүүгө айыпталган 3 командир кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланууга күнөөлөнүүдө. 

Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таштагы №73809 аскердик бөлүгүнүн башчысы кызматтан алынган. Эске салсак, Кой-Таш аскер бөлүгүнүн алты жоокери зомбулукка даттанып, кийин кысым алдында үчөө арыздарын артка чакырткан. Жабырлануучулардын айтымында, командирлер аларды көздөй ок атып, коркутчу. Мындан тышкары, жоокерлер ижарага кара жумушка берилип, акысын командирлер өздөрү алып турган.

Ссылка: https://barometr.kg/koj-tashtagy-asker-blgnd-zhookerlerge-zombuluk-krstkn-komandirler-karmaldy



Добавить комментарий