Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум 25-сентябрга жылдырылды
Бүгүн, 23-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу 25-сентябрга жылдырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев, Ф.А.Ниязов, И.Ю.Карамушкина, А.С.Кодуранова, Р.Б.Джеенбеков, М.Дж.Мискенбаев, К.А.Жолдубаева, К.Р.Сагымбаев, М.Т.Шаменов, Р.Карыпбек уулу, Ф.Ж.Баабиев, К.А.Осмоналиев жана Н.Капарбек уулун айыптоо боюнча жазык иши каралууда”, -деп айтылат маалыматта.
Жактоочулар Б.Шамбетов, А.Типеров, Б.Автандил уулу, Ж.Бараков жана З.Жоошевдердин келбегендигине байланыштуу, бүгүнкү соттук отурум 2020-жылдын 25-сентябрына саат 10:00гө жылдырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/koj-tash-okuyasy-boyuncha-sottuk-oturum-25-sentyabrga-zhyldyryldy
Добавить комментарий ×