Кочкордо эки унаа кагышып, эки жаран каза болду

1 октябрь 2020 09:44 1045 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 30-сентябрда Кочкордо саат 16:00до Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 209-чакырымында (Сары-Чат тилкеси) оор жүк ташуучу “ГАЗ-53” унаасы менен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен “Мерседес” унаасынын ичинде (1 эркек 1960-жылы туулган жана 1 аял 1964-жылы туулган) кыпчылып калган. Куткаруучулар  КР ӨКМнин №42 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары  аталган жарандарды унаадан чыгарып тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркагандар Кочкор райондук ооруканасына жетпей жолдо каза болушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-zholkyrsyktan-eki-zharan-kaza-boldu



Добавить комментарий