Кочкордо жана Жумгалда жер силкинди. Күчү 4 баллга жетти

13 август 2020 10:21 802 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кочкордо жана Жумгалда жер титреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 12-августта саат 16:03тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. 

Ал Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 балл жана Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилди. 

Жердин силкинүүсүнөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-zhana-zhumgalda-3-4-ballga-zhetken-zher-titredi



Добавить комментарий