Кочкордо мал уурдаганга шектелип эки жаран кармалды

30 ноябрь 2020 13:47 1193 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кочкордо эки адам уй уурдап бара жатып, унааны таштап качып кетишкен. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

2020-жылдын 15-ноябрь күнүнөн 16-ноябрь күнүнө караган түнү Кочкор районунун Сары-Булак участкасынан белгисиз адамдар бир баш уй уурдап бара жатып, Кочкор айылынын ичинен Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү автоунааны көчөгө таштап качып кетишкен. Бул факты Кочкор райондук ички иштер бөлүмү тарабынан каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар такталып, алар Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1999-жылы туулган тургуну У.Н жана Ыссык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун 1993-жылы туулган тургуну Н.Б аттуу жарандар кармалып жалпы 10 ашуун мал уурулук фактысын моюнуна алып бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан сырткары Нарын облусунун башка райондору боюнча кылмыш иштерин аныктоо максатында атайын топ түзүлүп, иш сапар уюштурулуп ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы кармалган шектүү жарандардын жанындагы кылмышка тиешеси бар кылмышкерлерди аныктап тергөө кызматына камсыз кылуу үчүн ыкчам иш аракеттер көрүлүүдө.


Ссылка: https://barometr.kg/kochkordo-mal-uurdaganga-shektelip-eki-zharan-karmaldy



Добавить комментарий