Кочкор районунда күчү 4 баллга жеткен жер титиреди

30 ноябрь 2020 10:04 515 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кочкор районунун айылдарында күчү 4 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Кечээ, 29-ноябрда Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 23:47де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

30-ноябрь күнү саат 02:18де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган (афтершок).

Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/kochkor-rajonunda-kch-4-ballga-zhetken-zher-titiredi



Добавить комментарий