Бюджеттик каражатка 2500дөн ашык кычкылтек концентратору алынды
Кыргыз өкмөтү саламаттык сактоо уюмдарына жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн кошумча 300 млн сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаиловага шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Акча каражаты жеке коргонуу каражаттарын тез арада сатып алуу боюнча бардык чараларды көрүүгө жана алар тарабынан медициналык кызматкерлерди камсыз кылууга тийиш болгон саламаттык сактоо уюмдарынын эсептерине которулат.
«Эки жуманын ичинде гуманитардык жардам жана бюджеттик каражаттын негизинде 2 500дөн ашык кычкылтек концентратору алынып келинген», - деп билдирди Исмаилова.
Алынган концентраторлордун республика боюнча бөлүштүрүлдү. Алар::
Баткен облусу - 157
Жалал-Абад облусу - 371
Нарын облусу - 99
Ысык-Көл облусу- 402
Ош облусу- 340
Талас облусу - 75
Чүй облусу - 270
Бишкек ш. - 396
Ош ш.- 177
Андан сырткары, республикалык дарылоо-алдын алуу мекемелерине - 140 кычкылтек концентратору берилип, дагы 50 концентратор резервде турат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmttn-zheke-korgonuuchu-karazhattar-chn-300-mln-som-blnd
Добавить комментарий ×