Бюджеттик каражатка 2500дөн ашык кычкылтек концентратору алынды

16 июля 2020 17:25 2565 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз  өкмөтү саламаттык сактоо уюмдарына жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн кошумча 300 млн сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаиловага шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Акча каражаты жеке коргонуу каражаттарын тез арада сатып алуу боюнча бардык чараларды көрүүгө жана алар тарабынан медициналык кызматкерлерди камсыз кылууга тийиш болгон саламаттык сактоо уюмдарынын эсептерине которулат.

«Эки жуманын ичинде гуманитардык жардам жана бюджеттик каражаттын негизинде 2 500дөн ашык кычкылтек концентратору алынып келинген», - деп билдирди Исмаилова.
Алынган концентраторлордун республика боюнча бөлүштүрүлдү. Алар::
 Баткен облусу - 157
 Жалал-Абад  облусу - 371
 Нарын  облусу - 99
 Ысык-Көл облусу- 402
 Ош  облусу- 340
 Талас облусу - 75
 Чүй облусу - 270
 Бишкек ш. - 396
 Ош ш.- 177
Андан сырткары, республикалык дарылоо-алдын алуу мекемелерине  - 140 кычкылтек концентратору берилип, дагы  50 концентратор резервде турат.


Ссылка: https://barometr.kg/kmttn-zheke-korgonuuchu-karazhattar-chn-300-mln-som-blnd



Добавить комментарий