Өкмөт: "Ала кийиз менен шырдакты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктарына киргизиш керек"- деди.

29 июнь 2018 00:15 1153 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 28-июнда Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Нарын облусуна болгон иш  сапарынын алкагында «Кыргыз шырдагы» Эл аралык фестивалына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин фестивалдын уюштуруучуларынын, катышуучуларынын жана меймандарынын дарегине багыттаган куттуктоо сөзүн окуп берди.  

«Иш-чаранын негизги максаты катары кыргыз элинин көркөм өнөрүн жана кол өнөрчүлүгүн жайылтуу, шырдак жасоочу уздарды колдоого алуу болуп саналат. Касиеттүү Нарын жергесинде “Кыргыз шырдагы” фестивалы алтын колдуу чеберлердин баа жеткис эмгеги менен сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. Мунун өзү дүйнө элдеринин көңүлүн буруп, шырдагыбыз улуттук брендге айланды», - деп айтылат куттуктоодо.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыздын ала кийизи менен шырдагы 2012-жылы ЮНЕСКОнун коргоого муктаж болгон тизмесине катталган. «Кыргыз кол өнөрчүлүгү көчмөн маданияттын азыркы күнгө дейре жеткендигинен кабар берет. Бүгүнкү биздин максат - ала кийиз менен шырдакты эми ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий баалуулуктар тизмесине киргизүү болуп саналат. Илгертеден кийиз буюмдары кыргыз элинин салттуу искусствосунун негизги түрүнө кирип, анын маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат», - деди. 

«Буга катар үйдүн куту эсептелген уз айымдарыбыз, шартка ыңгайлашып, иштеп табууну үйрөнгөндүгү маанилүү. Бүгүнкү күндө алар үй-бүлө институтун чыңдоого тийиштүү салымын кошууда. Муну менен аялдар үй-бүлөнүн социалдык абалын гана жакшыртпастан, улуттук өзгөчөлүгүбүздү сактап, кыргызга гана таандык баалуулуктарыбызды дүйнөлүк коомчулукка таанытууга чоң салым кошууда», - деп кошумчалады. 


Ссылка: https://barometr.kg/kmt-ala-kijiz-menen-shyrdakty-yuneskonun-materialdyk-emes-madanij-baaluuluktaryna-kirgizish-kerek-dedi



Добавить комментарий