ӨКМнын министринин кеңешчиси эки айга камакка алынды

19 июль 2019 12:32 2443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзгөчө кырдаалдар министринин кеңешчиси Нурбек Жолборсов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан тастыкташты.  

Аталган маалыматка таянсак, Нурбек Жолборсов 6-июлдан бери 1-абак жайда кармалууда. Соттун чечими менен ал эки айга камакта калтырылды.

Айрым маалыматтарга таянсак, Нурбек Жолборсов 146 миң доллар менен кармалган, анын ишин уранды иштетүү боюнча тендер менен байланыштырышкан. Бирок ӨКМ бул боюнча өзүнүн маалыматын таратты. 

"Болжолдуу маалыматтарда министрдин жардамчысынын жанынан уран иштетүү боюнча тендерге байланышкан 146 миң доллар табылганы айтылууда» маалыматы боюнча, төмөнкүнү билдиребиз. ӨКМ уран иштетүү иш-чараларына тиешеси жок, ал эми 2019-жылы уран калдыктарын рекультивациялоо жумуштарына  тендер өткөрүлгөн эмес, ошондой  эле уран боюнча тендерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмес, РОС АТОМ тарабынан өткөрүлөт. Уран калдыктарына байланыштуу тендер 2017-жылдан бери өткөрүлө элек.
Нурбек Жолборсов Өзгөчө кырдаалдар министрдин жардамчысы эмес,  кеңешчиси болуп эмгектенет. 2019-жылдын 1-июлунан тарта эмгек өргүүгө чыккан",-деп айтылат аталган маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/kmnyn-ministrinin-keeshchisi-eki-ajga-kamakka-alyndy



Добавить комментарий