Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери каза болду
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмүнүн улук техниги Канат Молдосанов 42 жашында мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр"билдирет.
ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын №8-атайын өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн улук техниги Молдосанов Канат Жумабекович 42 жашында дүйнө салды.
Молдосанов Канат Жумабекович 1978-жыл 3-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кайырма айылында туулган. Ал 1995-жылы № 47 кесиптик техникалык окуу жайын аяктаган.
1996-1998-жылдары № 22058 аскердик бөлүгүндө айдоочу. 1999-жылдын январь айынан тарта өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын Бишкек шаардык өрткө каршы мамлекттик кызмат бөлүмүнүн №8 адистештерилген бөлүгүндө айдоочулук кызматтарда аркалап, бүгүнкү күндө бөлүмдүн улук техниги кызматында иш алып барып келген.
Улук прапорщик Канат Молдосановдун алган сыйлыктары: 2009-жылы КРнын ӨКМнин «Кынтыксыз кызматы үчүн» III даражадагы медалы менен, «Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланган. 2012-жылы Президенттин атайын сааты менен сыйланган. 2013-жылы «Кынтыксыз кызматы үчүн II-даражадагы» медаль менен сыйланган.
Канат Молдосановдун артында 4 баланын калды.
Улук прапорщик Канат Молдосановдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына "Барометрдин" жааматы терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/kmnin-kutkaruu-blmnn-uluk-tehnigi-kanat-moldosanov-kaza-boldu
Добавить комментарий ×