Күмөндөр Абылов ким үчүн ооруп жатат?
Бөлүшүү:
КРнын эл артисти, куудул, обончу Күмөндөр Абылов жаңы ырын күйөрмандарынын сынына койду. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына кабарлады.
“Урматтуу замандаштар! Сиздерге жаңы ырымдын бет ачаарын сунуштайм! Сөзү, обону мага таандык. “Сары оору болдум сен менен!” Аскат Мусабеков инимдин аткаруусунда кабыл алып коюңуздар!”,-деп жазды обончу.
Эскерте кетсек, Күмөндөр Абылов белгилүү кино жана театр артисти, куудул гана эмес, 40ка жакын обондуу ырлардын автору. Анын “Кел замандаш ырдайлы”, “Айрылбас болсо сүйүүлөр”, “Таарынычың качан жазылат?” жана башка ырлары калк арасында кеңири белгилүү.
Ссылка: https://barometr.kg/kmndr-abylov-kim-chn-oorup-zhatat
Добавить комментарий ×