ӨКМ: ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар!
Бөлүшүү:
Кыргызстандын тоолуу аймактарында ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигиненкабарлашты.
7-апрелден 8-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 132-135-чак. (Төө-Ашуу ашуусу), 222-246-чак. (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 72-74-чак. (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-92-чак. (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт.
ӨКМ жолго чыккан айдоочуларга унаалардын аралыгын 500 метрден сактоону эскертти.
Ссылка: https://barometr.kg/km-ashuularda-kar-kchk-tsh-korkunuchu-bar
Добавить комментарий ×