"Көл" аталышындагы кыргыз тасмасы Азия кинофестивалында баш байге үчүн ат салышат
Режиссер Эмил Атагелдиевдин дебюттук "Көл" тасмасы Азия кинофестивалында баш байге үчүн ат салышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинин сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Жыл сайын өтүүчү Дүйнөлүк Азия кинофестивалы 10-15-март күндөрү пандемиянын шартына байланыштуу онлайн режиминде өтөт.
Кыргыз тасмасы "Мыкты эл аралык көркөм фильм" жана "Чет тилдеги мыкты фильм" наамдары үчүн ат салышкан 14 тасманын тизмесине кирди.
Фестивалда сынактын расмий көрсөтүүлөрүнөн тышкары, жаңы тартылган жогорку баага татыган азиялык кинотасмалардын атайын көрсөтүүлөрү, ошондой эле, кинорежиссерлор катышкан эксклюзивдүү суроо-жооптор көрсөтүлөт.
Фильмди "Оймо" студиясы "Айтыш Фильм" кинокомпаниясы менен биргеликте тарткан.
Фильмдин дүйнөлүк премьерасы Шанхайда Shanghai International Film Festival-2020, «Азианын Жаңы Таланты» («Asian New Talent Award») алкагында болуп өткөн.
Тасма ыйык көлдө жашаган ата-бабалардын рухтары жөнүндө байыркы кыргыз уламышынын негизинде тартылган.
Тасманын сюжети: 11 жаштагы Жылдыздын атасы Аскат жана айылдагы тарых мугалими Темиркул Ысык-Көлдүн боюндагы кичинекей бир айылда жашаган кошуналар. Жаш кезинде эле жалгыз кызын жоготуп, абдан кейиген карыя мугалим Жылдызга өз кызындай мамиле кылат. Жылдыз - эч ким менен сүйлөшпөгөн, дос да күтпөгөн тартынчаак кыз. Ал атасынын балык кармаганына каршы болуп келет. Себеби, Темиркул атасы ага кыргыздар илгертен балык жебей, өлгөн кишинин арбагы балык болуп ыйык Ысык-Көлгө сүзүп кетерине ишенип келишкенин көп айтчу. Бул уламыштан улам Жылдыз да Темиркул карыя сыяктуу балык жебейт. Бирок мындай көрүнүш күнүмдүк оокатын балык менен өткөргөн, курсагын да көбүнчө балык менен тойгузган Жылдыздын ата-энесине жакпай келет.
Эске сала кетсек, буга чейин, "Көл" аталышындагы кыргыз тасмасы Голливуддун 78-Америкалык "Алтын глобус" сыйлыгына көрсөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/kl-atalyshyndagy-kyrgyz-tasmasy-aziya-kinofestivalynda-bash-bajge-chn-salyshat
Добавить комментарий ×