"Көк бөрү" кинотасмасынын саундтреги Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда жарык көрдү

8 август 2018 19:00 1638 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Көптөгөн Эл аралык сыйлыктардын жеңүүчүсү Кайрат Примбердиевдин аткаруусунда "Көк Бөрү" кинотасмасынын саундтрегине тартылган алгачкы клип жарык көрдү. Интернетке чыккан клипти айрымдарды "Өтө начар, көк бөрүгө ылайыксыз музыка экен, жалын жок"-десе, көпчүлүгү  Кайраттын үнү ырга жарашып, аткаруусу мыкты экендигин белгилешти. 

Маалымат катары айта кетсек,  тасманын режиссеру Руслан Акун. Тасма азырынча элдерге көрсөтүлө элек. 20-сентябрдан тартып көрсөтүлө баштаары айтылууда. 

Руслан Акун буга чейин "Салам Нью Йорк", "Апамды издеп" кинотасмаларын тарткан. 


Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-kinotasmasynyn-saundtregi-kajrat-primberdievdin-atkaruusunda-zharyk-krd



Добавить комментарий