Кайрат Примбердиев: Мени жана үй-бүлөмдү "өлтүрүп кетебиз" деп коркутуп жатышат
Ырчы Кайрат Примбердиев маданият министри андан "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын жеке ыйгарым укуктарын колдонуп тартып ала албасын айты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Менден маданият министри "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамын тартып алууга укугу жок. Ал үчүн өтө оор жагдайлар болушу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдар жөнүндө мыйзамынын 24-беренесин окуп көрүңүздөр болот.
Баса белгилей кетсем, Маданият министрлигинин мындан сырткары да кыла турган кызматтары абдан көп. Жаза колдонуу жана чара көрүү жумуштары менен башка органдар иш алып барат.
Ага утурлай эле, мени колдоп, керек болсо, мен да наамымды тапшырам деген кесиптештериме рахмат айтам. Сиздер да ачууга алдырбаңыздар, кесиптештерим, сиздер ал наамга канчалаган эмгек менен жеткенсиздер.
Мен бул кайрылууну жолдобой эле койоюн деп жаткам. Бирок, мага жеке кат аркылуу өлтүрүп кетем деген коркутуулар болуп жатат. Жада калса үй-бүлөмдүн да тынчтыгын алып коркутуп жатат. Мен ойлойм, бул да Маданият министрлигинин жарлыгынан кийинки реакциядан улам болуп жатат деп. Эгер, министр бизди кабинетине чакырып алып, эскертүү берип койсо мынчалык резонанс жаратмак эмес. Биз ошол жерден анын көзүнчө кечирим сурап, видео кайрылуу жасап койсок ошо менен бүтмөк.
Биз күнөөбүздү моюнубузга алып, Кудайдан жана коомчулуктан кечирим сурап, видеону өчүргөнбүз. Ал эми, видеону көчүрүп алып, таратып жаткандарга айтарым “жаманды жашырып, жакшыны жайылтууга” себепкер болуңуздар демекчимин”, - деди ырчы.
Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев YouTube каналынан берүү ачып, ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылган.
Белгилей кетсек, 13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге 2011-жылдын 12-июнунда берилген "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алган. Тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлгөнү кабарланган.
Ссылка: https://barometr.kg/kajrat-primberdiev-meni-zhana-j-blmd-ltrp-ketem-dep-korkutkandar-bolup-zhatat
Добавить комментарий ×