Көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды

25 август 2018 01:30 994 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеш башталды. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти. 

Маалым болгондой, аталган мелдешке 12 команда катышып, алар 4 тайпага бөлүнгөн. Тайпалык баскычтагы оюндар 26-августка чейин уланып, жарым финалдык беттештер 28-августта болот. 

Ал эми мелдештин финалы 30-август күнү өтөт. 

Чүчү кулактын жыйынтыгы: «А» тайпасы: «Арашан», «Толкун», «Сын-Таш»; 

«В» тайпасы: «Четинди», «Сокулук», «Шыралжын»; 

«С» тайпасы: «Нурлан Көк-Жал», «Төш-Булак», «Сары-Өзөн Рассвет»; 

«D» тайпасы: «Бакубат-Талас», «Келечек, «Алыкул». 

24-августта орун ала турган беттештер: «Арашан» — «Толкун»; «Четинди» — Сокулук»; «Нурлан Көк-Жал» — «Төш-Булак», «Бакубат-Талас» — «Келечек».

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-boyuncha-prezidenttin-kubogu-chn-meldesh-bashtaldy



Добавить комментарий