Көк бөрү боюнча чемпионат өтүп жатат

19 октябрь 2021 12:07 1541 Barometr
Бөлүшүү:
ok

18-октябрдан 24-октябрга чейин Чүй областынын Сокулук районундагы «Белек» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештер өткөрүлмөкчү. Бул тууралуу Кыргызстандын көк бөрү федерациясынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Баардыгы болуп 7 област, 2 шаардан 9 команда оюнда ат салышууда.

18-октябрда болуп өткөн оюндун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй упайлар чыгарылды:

- Чүй областы 10:3 Бишкек,

- Талас областы 6:0 Ысык-Көл областы,

- Ош областы 15:4 Жалал-Абад областы.

Чемпионат Көк бөрү федерациясынын 25 жылдыгына арналып уюштурулду.

Ссылка: https://barometr.kg/kk-br-boyuncha-chempionat-tp-zhatat



Добавить комментарий