“Күтүп жатат Эр Манастын балдары”. Акындар Казакстандын көк бөрү боюнча командасына чакырык салды

11 август 2023 14:10 1161 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз акындары Казакстандын көк бөрүчүлөрүн мелдешке чакырып ыр арнады. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.


Акындар Нурсултан Малдыбаев, Арген Биймырза уулу жана Азамат Асанбеков 13-августта боло турган Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионатына казак командасына чыкырык салышты. 

“Казакстан тургундары аманбы?

Көк бөрүгө командаңар даярбы?

Кулак салгын ага-ини,

Келип калдык атайын, 

Жеткирип биз баурларга кабарды.

Он үчүндө Ысык-Көлдүн жээгинде,

Оюн болот Кыргызстан элинде.

Президент да катышат,

Даярданып жатышат,

Биз күтөбүз казактарды Көлүмдө.

Казак-кыргыз тартышат деп көк бөрү, 

Карап турат дүйнө элинин көптөрү.

Эң алдыңкы команда, 

Жантартышат аларга,

Келсе экен деп намыстанып өздөрү.

Из калтырып, келечекке, тарыхка,

Жараса экен казак-кыргыз намыска,

Казактарды күтөбүз,

Инибиз да үкөбүз, 

Жигиттерче түшсө экен деп жарышка.

Казакстанга келип калдык шашылып, 

Казактарды көк бөрүгө чакырып.

Чамдангыла казактар,

Силерле да атак бар,

Ала-Тоого аттангыла ашыгып.

Желбиресин байрагы, 

Казактарым жайдары,

Күтүп жатат эр Манастын балдары!”, -деп ыр менен чакырык салышты акындар.

Белгилей кетсек, буга чейин, бир нече жолку оюундарга Казакстандын көк бөрү боюнча командалары келбей коюшкан.

Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. 

Мелдеш үч форматта болот. Ага 8 өлкөдөн келген 12 команда катышат.

  • Кыргызстан менен Казакстандын алдыңкы 4 командасы;
  • Дүнөлүк 12 клуб арасында;
  • Кыргызстан менен Казакстандын 45 жаштан жогорку оюнчуларынан турган командалар арасында мелдеш болот.

Катышуучулар:

  • АКШ;
  • Казакстан;
  • Өзбекстан;
  • Венгрия;
  • Tүркия;
  • Монголия;
  • Россия;
  • Кыргызстан.

Турнир 13-августтан 20-августка чейин өтөт.



Ссылка: https://barometr.kg/ktp-zhatat-er-manastyn-baldary-kyrgyz-akyndary-kk-br-boyuncha-kazak-komandasyna-chakyryk-saldy



Добавить комментарий