Көчмөндөр оюнуна катышууга Түркияга 148 спортчу учуп кетет

23 сентябрь 2022 11:41 690 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төртүнчү  Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына “Көк- Бөрү” жана "Алыш" оюндары расмий мелдеш катары кирди. Бул тууралуу маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Белгилей кетсек, Түркиянын Изник шаарында өтө турган  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк-Бөрү жана Алыш оюндары расмий мелдеш катары кирди.

"Көк – Бөрү спортчулары машыгуу жыйындарын толук өтүшүп, бүгүнкү күндө даяр. Оюнчулар 2022- жылдын 28- сентябрында учушат.

Мындан сырткары Көкпар,  ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш,  мас-рестлинг жана салттуу жаа атуу спорту боюнча мелдештер өтүп, аталган оюндарга кыргыз спортчулары да  катышат.

Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшү көрсөтмө оюндары катары өтөт.

Оюндар 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин уланат. Кыргызстандын атынан жалпы 148 спортчулар катышат", -деп жазылат маплыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/kchmndr-oyuununa-katyshuuga-trkiyaga-148-sportchu-uchup-ketet



Добавить комментарий