«Күйөөгө чыгышым керек»

27 февраль 2019 08:48 13980 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көптөгөн адамдар өмүр бою өзүнүн «экинчи жарын» издөө менен жашап келет. Ошол адамсыз жашоосун маанисиз, өзүн бактысыз деп эсептейт.

Бирок эч ким «бирөөнүн жартысы» болуп төрөлбөйт. «Эки адам бир бүтүн» деген түшүнүк – адабий чыгармаларда жазылган  метафора. Ал эми чындыгында ар бир адам – бир бүтүн. Сиз – өзүңүздү бактылуу кыла алган жалгыз адамсыз.

«Бүтүндүк» үчүн башка адам издеп, же мамилени сактоого тырышсаңыз, жалгыз калуудан коркосуз. Жалгыздыкты оор дарт деп эсептейсиз. Бул коркунуч өмүр бою артыңыздан калбайт. Сиз ар дайым жарыңызды жоготуп алуудан корко турган болсоңуз, ар бир уруш-керишти «трагедияга» айландырууга адат кылып аласыз.

Бакытты бирөөдөн эмес, өзүңүздөн издеңиз. Жалгыздыктын убактылуу экенин унутпаңыз. Жалгыздыктын жакшы жактарын аныктоого аракет кылыңыз. Жалгыздыктан качуу керек деген жалган түшүнүккө ишенбеңиз. Жалгыздыктан качуу – өзүңүздөн качуу деген сөз.

«Жакшы жигитти кездештирсем, көп узабай үйлөнсөк. Жакшы адамдан айырылып калбашым керек. Мүмкүн андай адамды эми кездештирбейт чыгармын?!» деген ойлордон алыс болуңуз. Бул туура эмес. Мындай ой сизди бакытка алып барбайт.

Бакытты ички жан дүйнөңүздөн издеңиз. Максатарыңызга умтулуңуз. Ким болгонду каалайсыз? Кандай касиеттерге ээ болгуңуз келет? Өзүңүздү өзүңүз бактылуу кылганда гана сизди чын сүйгөн адам пайда болот.

Жалгыздыкты кабыл алып, жакшы көрө билиңиз. Жалгыз болгон убакытта өзүңүздү «бир бүтүн» сезинүүгө тырышыңыз.

Кезиккен адам келечектеги жарыңыз болушу мүмкүн. Аны мурда кийин өмүрдө көрбөшүңүз мүмкүн. Ал сиздин жакын досуңузга айлануусу мүмкүн. Кандай болгон күндө да тынчсызданып, алдын ала убайымга батпаңыз. «Тагдырыңыз» баарын өз ордуна коёт.

Экинчи жарымыңызды ички жан дүйнөңүз менен тапканда, жалгыздыктан арылганыңызды сезесиз. Сизди сүйгөн, сиз сүйгөн адамды кездештиргенде өзүңүздүн ким экениңизди унутпаңыз.

Ссылка: https://barometr.kg/kjg-chygyshym-kerek



Добавить комментарий