Кичинекей Айлин кайрадан жардамга муктаж. Анын сөөк чучугун экинчи жолу трансплантациялоо керек

18 январь 2021 12:47 14086 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Башынан оор операцияны өткөрүп, жакында эле сөөк чучугун алмаштырган Айлинден кайрадан оор илдеттин белгилери табылды. Бул тууралуу наристенин апасы Индира Сапанованын соцтармактагы баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Эмнеден жаза баштаарымды да билбей турам.

Бизге ооруканадан сыртында "кадимки жашоо" көпкө буюрбаптыр, болгону 3 жумага жакын гана биз эл катары жашадык.

Ооруканадан чыккандан кийин баары жакшы болуп жаткандай сезилди, анализдер бир аз өзгөрүлүп турду, көрсөткүчтөр да бирде түшүп, бирде көтөрүлүп турду.

Дарыгерлер скринингдик функцияны жасоону чечишти.

Дарыгерлер жана жалпы кыргыз элим биз менен кошулуп сөөктүн чучугу "таза" чыкса экен деп күнү-түнү тилеп жаттык.

Тилекке каршы, оору кайтып келди, жаңы сөөк чучугунда рактын пайда болгонун билдик.

Кайрадан диагноз биринчи коюлгандагыдай бүткөн боюма кайнак суу куюлгандай ден дароо боло түштүм.

Ушул себептен интернетке да кире алган жокмун, бардыгын дароо кабыл ала алган жокпуз. Бизде бир нерсе жазууга таптакыр күчүбүз жок болчу.

Менин жүрөгүмдө билесиздерби, адам көтөрө алгыс оор жана азаптуу кайгы жатат. Ал ортодо эч нерседен капары жок наристем жылмайып, ойноп, андан бетер энелик сезимиди алдастатат. Эмне кылам, колумдан келсе сенден биротоло бул дартты алыс тараптарга алып ыргытып жиберет элем го деп кобуранып койом кызымды карап.

Дарыгерлер үмүтүңөрдү үзбөгүлө деп жатышат. Алар экинчи жолу сөөк чучугун трансплантациялоону пландап жатышат.

Бул жолу Айлинге донор менин жолдошум - Айлиндин атасы болот.

Биринчи операциянын карызын дагы деле жапкан жокпуз.

Экинчи жолу трансплантациялоо үчүн бизге 50 000 доллар өлчөмүндө каражат керектелет.

Кыска мезгил "оорудан тышкары" дагы бакыт болду.

Таза аба менен дем алуу, сейилдөө, оорукананын дубалдарынын сыртында дүйнө жашоосун көрүү бакыт болду”, - деп жазды Айлиндин апасы.

Эскерте кетсек, бир жаштагы кичинекей Айлин Түркиядан оор операцияны башынан өткөргөн. Анын сөөк чучугун алмаштыруу ийгиликтүү болгону кабарланган. 

Айлиндин ата-энеси баарыңыздарды кичинекей Айлиндин экинчи операциясына да колдоо көрсөтүп, жаш өмүрдүн жашап кетишине жардам берип коюшуңуздарды суранат.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Demirbank Расчетные счета:

1180000029245407 KGS

1180000029245508 USD

Карта Visa 4215 8901 3513 2709 Indira Sapanova 

Элсом  0706090925 Талант

Zelle +15138288186 Shirin

Сбербанк 5469 4000 2123 2439 Асель Алмазовна 

АО Kaspi Bank 5169 4971 6027 5073

+77078353349 Ажмуратова Раиса

Турецкий счёт INDIRA SAPANOVA 

IBAN TL TR 07 0006 2000 5350 0006 6269 97

Ссылка: https://barometr.kg/kichinekej-ajlin-kajradan-zhardamga-muktazh-anyn-sk-chuchugun-kajradan-transplantaciyaloo-kerek



Добавить комментарий