1 жаштагы Айлин аттуу наристеге жардам керек. Кичинекей наристенин өмүрүн баарыбыз бирге сактап калалы

14 сентября 2020 10:22 1070 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылы туулган кичинекей Айлинге жардам керек. Айлин төрөлгөнүнө 3 ай болгондон кийин Курч лимфобластикалык лейкемия (кан рагы) диагнозу коюлган. 40ка жакын химиотерапия курсунан кийин, оору артка кетет деген ишеним пайда болгон, бирок 2020-жылдын 2-сентябрында дарыгерлер сөөк чучугунда рак клеткаларын (жарылууларды) табышкан. Биздин жергиликтүү дарыгерлер денеге колдоочу терапия гана бере алышат. Алар эч кандай кепилдик жок, мындан ары ооруну жеңүүгө мүмкүнчүлүк жок деп жатышат.

“Жаратканым чоң сыноо жибериптир, артында чоң жеңиш күтүп турса керек. Кызым аябай күчтүү экен, 40тан ашык химия алды, гормоналдуу дарылардан 300-400 ичти окшойт, баарына моюун бербей күлүп-жайнап гана отурат. Кызым кудай буюрса кичинекей ашуу калды , ал ашууну дагы багындырабыз. Анан туугандарга, досторго, эл-журтка рахмат, кыйын күндөрдө биз менен чогуу болуп, дуа кылып, колдогонуңуздарга”, -деди атасы Талант Сатыбалдиев.

Кичинекей Айлиндин ата-энеси чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берем деген кайдыгер эмес жарандардан жардам сурап кайрылып жатат.

“Бирок, биз бул "куткарылбай турган нерсеге" ишенип, наристебиздин кичинекей жүрөгү согуп жатканда, кантип андан баш тартып, жөн гана олтура алабыз. Анын эч нерседен капары жок көздөрү бизди ишеним жана үмүт менен тиктеп турганда , биз акырына чейин күрөшөбүз, кызыбыз жашаш керек. Түркиядан клиника табууга жетиштик. Дарылануунун баасы 100 000 АКШ долларын түзөт. Мындай сумманы табуу биз үчүн абдан оор. Бирок биз боорукер адамдардан жардам сурап кайрылып жатабыз. Колунда бар, кичинекей наристебиздин өмүрүн сактап калууга салымын кошом деген жарандар бар деп үмүттөнөбүз”, -деди Айлиндин атасы Сатыбалдиев Талант.

Жардам берем дегендер үчүн реквизиттер:

Demirbank расчетные счета:

1180000029245407 сом менен счет

1180000029245508 доллар менен счет

БИК 118005

Карта Visa 4215 8901 3513 2709 Indira Sapanova -мама Айлин

Элсом 0706090925 Сатыбалдиев Талант папа Айлин

6312909125 Zelle

Сбербанк 5469 4000 2123 2439 Асель Алмазовна 


Ссылка: https://barometr.kg/1-zhashtagy-ajlin-attuu-naristege-zhardam-kerek-kichinekej-naristenin-mrn-baarybyz-birge-saktap-kalaly



Добавить комментарий