Керчтеги жардыруу "теракт" эмес "адам өлтүрүү" деп иликтенүүдө
Маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 17-октябрында Россия аннексиялап алган Крымдын Керч шаарында политехникалык колледжинде жардыруу болуп өттү. Алгачкы маалыматтар боюнча 10 адам каза болду деген маалымат берилген болчу.
Ал эми бүгүн 18-октябрда Россиянын саламаттыкты сактоо министри Вероника Скворцова жандандыруу бөлүмүндө жалпысынан 10 киши жатканын кабарлады.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда окуя болгон жерде каза болгондордун саны 19га жетти. Алардын арасында колледждин студенттери да мугалимдери да бар. Мындан сырткары 50дөй адам жаракат алган.
Бийлик бул окуяны "теракт" эмес "адам өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөөнү баштады. Азырынча так маалымат бериле элек.
Айтымдарында ошол эле колледждин 18 жаштагы Владислав Росляков аттуу студенти окуя болгон жерде өзүн-өзү атып өлтүргөн. Дал ушул себептен улам "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/kerchtegi-zhardyruu-terakt-emes-adam-ltr-dep-iliktend
Добавить комментарий ×