Кеминде күйөөсүн бычактап өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы аял кармалды

29 июнь 2022 10:00 1945 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кеминде күйөөсүн өлтүрүүгө шектелип 40 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет. 

Маалым болгондой, 27-июнь күнү милицияга Кемин районунда үйлөрдүн биринин короосунан эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

"Жерине барган Чүй ОИИБдин ыкчам тергөө тобу 38 жаштагы Н.А. аттуу жарандын сөөгүн табышкан. Сыртынан кароо жүргүзүүдө маркум күч колдонуп өлтүрүлгөндүгү аныкталган. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренесинин негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган А.С. аттуу жубайы кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жубайлардын ортосундагы чыр-чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып алганы белгилүү болгон. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда", -деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/keminde-kjsn-bychaktap-ltrg-shektelip-40-zhashtagy-ayal-karmaldy



Добавить комментарий