Кемин районундагы киши өлтүрүүгө милиция кызматкери шектелүүдө

4 апрель 2019 16:47 2425 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кемин районунда болгон киши өлтүрүүгө шектелип сегиз адам кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. 

Кармалгандардын арасында милиция кызматкери бар. Алардын баары камакка алынды.

Эскерте кетсек, 1-февралда Кемин районунун Боролдой айылынын тургундары эркек кишинин сөөгүн талаадан табышкан. Ал мурда соттолгон 27 жаштагы Н.У болуп чыккан. Алдын ала маалыматтарга ылайык каза тапкан жигитти өлтүрө сабап салышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-rajonundagy-kishi-ltrg-miliciya-kyzmatkeri-shekteld



Добавить комментарий