Келечектеги медиктер үчүн 90 кошумча бюджеттик орун бөлүндү

21 август 2020 15:22 658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Медициналык багыт боюнча билим алчулар үчүн ЖОЖдорго кошумча 90 гранттык орун бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөт медицина кадрларын даярдоодо гранттык кабыл алуу планын көбөйтүү боюнча токтом кабыл алган. Бул пандемия шартындагы ак халатчандарга болгон муктаждыкты эске алуу менен чечилген.

Министрлик 90 гранттык орундун 70ин дарылоо иши адистигине жана 20 орунду медициналык-профилактикалык иш адистигине деп бөлгөн. Бул эки тармакта бакалаврды аяктаган студенттер эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог жана реаниматолог багыты боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундар төмөнкү адистиктерге бөлүндү: эпидемиолог, инфекционист, пульмонолог, вирусолог, реаниматолог. Студенттер бакалаврды аяктаган соң жогорудагы багыт боюна ординатурада окуусун улантышы керек.

Кошумча гранттык орундарга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн кошумча тур 22-августтан 26-августка чейин болот. Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg сайтына катталышы керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kelechektegi-medikter-chn-90-koshumcha-byudzhettik-orun-blnd



Добавить комментарий