«Альянс Алтын» тогуз айда бюджетке 10,5 миллиард сомдон ашуун төлөмдөрдү которду

22 октябрь 2025 11:53 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» компаниясы быйылкы жылдын тогуз айында мамлекеттин бюджети­не 10,5 миллиард сомдон ашуун салык жана милдеттүү төлөмдөрдү которду. Бул каражаттар пенсиялар менен жөлөк пулдарды төлөөгө, мектептерге, саламаттыкты сактоого жана жолдорго – ар бир жарандын жашоосуна таасир берген иштерге жумшалат.

«Жерүй» кенин өздөштүрүү башталгандан бери, 2015-жылдан тартып, компания мамлекеттик казынага 34,8 миллиард сомдон ашуун каражат төккөн. Анын ичинен 26,4 миллиард сому – алтын сатуудан түшкөн салыктар.

Өткөн жылы «Альянс Алтын» компаниясы өлкөдөгү эң ири үч салык төлөөчүнүн катарына кирип Мамлекеттик салык кызматтарынын (МСК) рейтингинде экинчи орунду ээледи.

«Бул жылдар аралыгында компания салыкты өз учурунда төлөп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактап келүүдө. Кесипкөй жана күчтүү команда менен жогорку деңгээлде иш алып барууда. Ишкананын өнүгүү динамикасы, иштин натыйжалуулугу жана өлкө экономикасына кошкон салымы жылдан-жылга өсүп жатканы баарыбызды кубандырат», — деп белгиледи Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов.

Салыктардан тышкары, компания иш жүргүзгөн аймакты өнүктүрүүгө да активдүү салым кошууда. Быйылкы жылдын 9 айында эле Талас облусун, районун жана кен жайгашкан Шумкар-Уя айыл аймагын жакшыртууга 620 миллион сомдон ашуун каражат бөлүндү. Бул каражаттар жолдорду оңдоого, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жергиликтүү демилгелерди колдоого жумшалууда.

Бүгүнкү күндө компанияда 1000ден ашык кызматкер иштейт. Ал эми кендин аймагында иш алып барган подряддык уюмдардагы кызматкерлер менен бирге 2000ге жакын киши эмгектенет. Алардын дээрлик 80%ы – Талас облусунун тургундары. "Альянс Алтын" компаниясы атайын жергиликтүү кадрларга басым жасап туруктуу жумуш орундарын түзүүдө жана кызматкерлердин жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө көмөктөшүүдө.

Компания экологиялык маселелерге өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо иш-чараларын каржылайт жана кен аймагындагы абанын, суунун жана топурактын абалын туруктуу көзөмөлдөп турат. Быйыл эле экологиялык төлөмдөргө жана жаратылышты калыбына келтирүү программаларына 70 миллион сомдон ашуун каражат багытталган. «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында жазында бак-дарактар отургузулуп, жашыл аймактарга кам көрүү иштери жүргүзүлгөн.

«Биз үчүн эң маанилүүсү – Жерүйдөгү иштин өлкөгө жана адамдарга пайда алып келиши. Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошуп жатканыбыз менен сыймыктанабыз», — деп белгилешет компания өкүлдөрү.

Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-toguz-ajda-byudzhetke-105-milliard-somdon-ashuun-tlmdrd-kotordu



Добавить комментарий