Дарыгерлер ооруну басаңдатуучу дарыларды узак мөөнөткө колдонуу коркунучтуу экенин эскертти

7 август 2023 11:08 1976 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер ооруну басаңдатуучу дарыларды көпкө жана көзөмөлсүз колдонуу организмге чоң зыян алып келерин билдирди. Бул тууралуу “Барометр” билдирет.

Эксперттин айтымында, ооруну басаңдатуучу дарыларды көрсөтүлгөн нормадан ашык кабыл алуу өтө кооптуу. 

Бул ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр жана сийдик бөлүп чыгаруу системасынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. 

"Мындай дарыларды тез-тез колдонуу ашказандын былжыр челине зыян келтирип, өнөкөт сезгенүүнү пайда кылып, ашказан жарасынын пайда болуу коркунучун жогорулатат. Мындан тышкары, ооруну басаңдатуучу дарылар кан тамырлардын иштешине таасирин тийгизип, жүрөк-кан тамыр ооруларынын - инфаркт, инсульт жана тромбоздун өнүгүшүн күчөтөт", - деп түшүндүрөт дарыгер. 
Дарыгерлердин айтымында, ооруну басаңдатуучу дарыны тынбай колдонуу өнөкөт оорулары мурда бар адамдар жана улгайгандар үчүн коркунучу жогору. 

Ссылка: https://barometr.kg/darygerler-oorunu-basadatuuchu-darylardy-uzak-mntk-koldonuu-korkunuchtuu-ekenin-eskertti



Добавить комментарий