Келе турган байлыкка өзүңүз тоскоол болуп жатканыңыздын 6 белгиси

5 июль 2021 16:45 7860 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Көпчүлүк адамдар белгилүү бир аныктамалар жана өздөрүнө көндүм болуп калган сценарийге ылайыкталган адаттар менен жашайт. Психологдор биздеги мындай адаттар байлыкка бут тосот деп эсептешет. Бүгүн Barometr.kg сизге каржылык көз карандысыздыкка жеткирбей жаткан өзүңүздөгү айрым программалар же калыптанган адаттар тууралуу сунуштамакчы.

1. "Мага ушул эле жетет" деген ой

Мындай ойлогон адамдын эч кандай амбициясы жок. “Мага ушул эле жетет” деп күнүмдүгү менен жашап, балким мындан жакшы жашоого татыктуумун деп ойлогондон дагы корккон адам байлыкка жанакаржылык көз карандысыздыкка даяр эмес.Ар дайым айланаңызды карап сиз дагы ошол жакшы нерсеге жетүүгө умтулуунун жолдорун күнү-түнү ойлонгон дурус.

2. Башкалардын пикири менен чечими туура деп ойлойт  

Башка бирөө айтса ошол чындык, анткени ал адам мага караганда ал адам акылдуу, туура деп ойлоп алат жана чечимдеринен ар дайым күмөн санап турат.Эмне кылуу керек? Өзүңүздүн тажрыйбаңызды арттырып, ишенимиңизди жогорулатуу кажет.

3. Жаңыча кадам таштагандан коркот  

Адам жаңы бир нерсе жасагандан таптакыр эле коркот. Жаңы чөйрөгө, жаңы адамдарга жолуккандан да качат. Жаңы тааныштар сизге жаңы мүмкүндүктөрдү ачп бериши толук мүмкүн. Өзүңүздүн “ийинден” чыкпай жата берсеңиз байлык сизге эч качан келбейт.

4. Майда-чүйдө иштерге алаксып, өтө маанилүү ишти жасабайт

Майда-чүйдө иштерге алаксып, өзү үчүн маанилүү деген иштерди жасабай, улам артка жылдыра берет. “Эринчээктин эртеңи түгөнбөйт” болгон адамдар байыбайт.

 5. Ар нерсени ойлоп тынчы кете берет   

Абдан тынчы кете берген адам энергиясынын көбүн болбогон коркунучтарды ойлой берип коротот. Эмне кылуу керек? Коркунучтарыңз реалдуубу же жөн гана сиз ойлоп алган нерселерби? Табал албасаңыз психологдорго кайрылып коркунучтарды жоюңуз.

6. Өзүнө ишенбөөчүлүк

Адам башкалардын көзүнө өзүнө ишенген киши болуп көрүнсө дагы ичинен өз күчүнө ишенбей шек-күмөнү көп болот. Ошондуктан өзүнө ишенбей жатып көп мүмкүндүктөрдөн кол жууп калат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/kele-turgan-bajlykka-zz-toskool-bolup-zhatkanyyzdyn-6-belgisi



Добавить комментарий