Назира Айтбекова: Депутат болсоң сонун да, шым кийип коюп
Телеалыпбаруучу Назира Айтбекова Кыргызстандагы депутаттарды какшыктап эл өкүлдөрунүн кызматтарын келекеледи.
"Биздин өлкөдө депутат болуш сонун. Эң оор жумушуң - костюм-шым кийип, кнопка басып коесуң. Кээде-кээде кагазыңды чыгарып бирдемелерди окуп коюш керек. Актердук чеберчилигиң болсо кыйынсың эй! Күпүлдөп, каардуу сүр көргөзүп, а түгүл кээ бир жерде уялып койсоң депутасың! Эс алганга элестет 500.000 сом берет. Анткени өлө иштеп атпайсыңбы! Мыйзам чыгарып жинди болуптурсуңбу?! Толтура мыйзам иштелбей жатса. Жыйында олтургуч бош калбаш керек да. Анда - санда бош жаткандан көрө барып кой и все! Жумуш таппай жүрсөңөр, шайлоо жакындап келе жатат. Ойлонуп көргүлө", - деген какшык кебин жазды социалдык тармакта.
Ссылка: https://barometr.kg/keede-keede-kagazydy-chygaryp-birdemelerdi-okup-koyush-kerek
Добавить комментарий ×