Кедей адамдын синдрому деген эмне? 12 белги

27 октябрь 2021 16:13 7711 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мотивация берүүчү психологияда “Кедей адамдын синдрому” деген түшүнүк бар. Ал адам көп убакыт бою же кээде өмүр бою жашаган жеке сапаттары менен ой жүгүртүүлөрү жана аркеттеринен куралган өзгөчөлүк болуп саналат. Аны кээде “кедей адамдын психологиясы” деп да атап коюшат. 

Бүгүн barometr.kg сизге бул тууралуу сунуштамакчы. 

Кедей адамдын башкы синдромдору төмөнкүлөр: 

1. Өзгөрүүдөн коркот

Мындай адам өзүнүн аракетсиздигин туруктуулук деп кабыл алат. Ыңгайлуулук зонасынан чыккандан такыр тартынат. 

2. Баарын тагдырга шылтап коет  

Баарын тагдырга шылтап “жакшы болбой калды” деп койгонду жакшы көрөт. 

3. Ашкере эле үнөмчүл боло берет

Үнөм жана сарамжалды баары эле пайдалуу деп эсептейт деңизчи. Бирок дал ушул жакырычылык синдрому менен жабыркап жактан адам баарынан көп үнөмчүлдүккө жабышып алат. Ал бир эки сомду арзандатып түшүрүш үчүн же арзан буюм сатып алыш үчүн көп убактысын жана күчүн коротот. 

4. Майда-чүйдө, керексиз нерселерди жыйнай берет  

Мындай адамдар пайдасыз нерселерди эле сатып алып үйүп, жыйганды жакшы көрүшөт. 

5. Өзүнө ишенбейт

Өзүнө ишеним боюнча олуттуу маселелери бар.Кедей адамдын синдромун алып жүргөндөр жан дүйнөсүнүн тереңинде жакшы бир нерсеге татыктуу эмесмин деп ойлошот. 

 6. Башкаларга жоопкерчиликти жүктөп салат   

Эч качан өзүнөн айып издебейт, болгон бүткөн иштин барына башкаларды күнөөлөп сала бергенди жактырат. 

7. Баалуулуктарга эмес, акчанын өзүнө карайт  

Мындай адам акчанын өзүн ресурс же бир нерсе сатып ала турган инструмент катары эмес баалуулук катары карайт.   

8. Ойлонбогон иштерди көп жасайт  

Көп учурда башаламан эле пландабаган, ойлонбогон иштерди жасай берет. Эмоция менен барып насыя алат же тапкан акчасын чачып салат. Жагдайды стратегиялык жактан баалаганды билбейт. 

9. Актанганды жакшы көрөт  

Жакырчылыктын белгиси менен ооруп жаткан адам өзүн оңдоонун ордуна актанганды же шылтоо айтканды жакшы көрөт.

10. Ичи күйө берет

“Жакыр” адам дайыма башкаларга ичи күйүп, алардын жасаган иштерин баасыз кылууга жан үрөп турат.

11. Башкаларга дайыма сынтага берет жана кеңеш бергенди жактырат   

Көп убактысын башкаларды сынаганга коротот, ага кошумча кандай иштеш керек, жашоону кандай кылып оңдош керек, баланы кантип тарбиялаш керек деген сыяктуу кеңештерди берүүдөн тажабайт. Анткени мындай учурда ал өзүн маанилүү адам катары сезет.

12. Дайыма наалып жана арызданып турат

Көпчүлук учурда мындай адам баары жаман болуп жатат деп арыздана берет жана шүкүр келтиргенди, ыраазылык бергенди билбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/kedej-adamdyn-sindromu-degen-emne-12-belgi



Добавить комментарий