ИИМ: митингден кийин 166 жаран кармалып, төртөө камалды

3 март 2020 09:57 588 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2-марттагы митингдин айынан массалык баш аламандыктарга жол берген 166 жаран Бишкек шаардык милиция кызматтарынын башкармалыктарына жеткирилген. Алардын 162 жаран тактоо аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн соң коё берилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренесинин (массалык баш аламандыктар) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Аталган иштин алкагында 4 жаран камакка алынды.

Мындан тышкары массалык баш аламандыкта 24 милиция кызматкери денелеринен ар кандай жаракат алышкан.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Эске салсак, 2-мартта Ала-Тоо аянтында митинг болуп, чогулгандар абактагы Садыр Жапаровду актап, чыгарууну талап кылган. Саат 13:00дө башталган митинг дээрлик саат 18:00гө чейин уланган. Бирок уюштуруучулар саат 17:00гө чейин гана уруксат алышкан. Аянттан тарабаган элди укук коргоо органдары күч колдонуп, кууп таратышкан. Митингчилерди таратуу учурунда укук коргоо органдарына карата таш ыргытуу болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/kechee-karmalgan-162-zharan-taktoo-anyktoo-ish-charalary-zhrgzlgn-so-kojo-berildi



Добавить комментарий