Көчөдөн өтүп бара жаткандарга кол салган адам үч кишини катары менен өлтүрдү
Бөлүшүү:
Германиянын Вюрцбург шаарында бычак көтөрүп алган адам көчөдөн өткөндөргө кол салып, натыйжада үч адам каза болуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Deutsche Welle кабарлады.
Кол салуу кечээ, 25-июнда кечинде шаардын борборундагы көчөдө болгон. Кылмышкерди полиция курал колдонуп кармады.
Акыркы маалыматтарга таянсак, аталган кылмышты 24 жаштагы Сомалиден келген жаран кылган. Ал Вюрцбург шаарынын туруктуу жашоочусу болгон. Беш жылдан бери Германияда жашап келген.
Ссылка: https://barometr.kg/kchdn-tp-bara-zhatkandarga-kol-salgan-adam-ch-kishini-katary-menen-ltrd
Добавить комментарий ×