Казакстандык 80 жаштагы байбичени 30 жаштагы жигит сүйүп калып 7 жыл чогуу жашады
Бөлүшүү:
Казакстанда 80 жаштагы байбиченин жаш жигит менен болгон романын кошуналары гана талкуулабай, эми ал калың элге жарыя болду. Бул тууралуу nur.kz агенттиги маалымдады.
30 жаштагы жигит аны жакшы гана көрбөстөн үйүнө келип 7 жыл жашаган. Аялдын шаардагы эки бөлмө үйүндө жигит ага каралашкан. Кемпирдин жакындары карабай кетишкен. Ал эми жалгыз уулу аварияда каза тапкан.
Жигит аны сыйлап, кошуналарынын көзүнчө экөө ээрчишип басып сейилдешчү. Аларды канчалык коңшулары сынга алышпасын кемпирдин жалгыз калган абалын түшүнүп эч нерсе дешчү эмес.
Бир аз мурда жалгыз бой кемпир каза тапты, жигит аны көмгөндөн кийин эч нерсе албай квартирасын талашпай өз бетинче кетти.
Добавить комментарий ×