Казак актеру Фархат Абдраимов Грузияда киного тартылып жатып каза болду
Бүгүн, 21-майда, казак актеру Фархат Абдраимов каза болду. Бул тууралуу Ш.Айманов атындагы Казакфильмдин басма сөз кызматы берген маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
"Улуу актер жана жакшы адам Фархат Абдраимов Грузияда киного тартылып жатып каза болду.Ал инфакт алды",- деп айтылат билдирүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын январь айында ал 50 жашка толгон.
Фархат Абдраимов 1966-жылы 21-январда Алма-Ата шаарында туулган. Ал 1988-жылы Алма-Ата технологиялык институтунун технология жана коомдук тамактанууну уюштуруу факультетин аяктаган. Кесиби боюнча инженер-технолог.
Эске сала кетсек, ал 1994-жылдан тарта Ш.Айманов атындагы Казак кинотасмасынын актёру болчу. 2005-жылдан бери Казакстан Республикасынын кинематографисттер союзунун мүчөсү болгон. Казакстандын "Элдин сүймөнчүгү" коомдук сыйлыгынын эки жолку лауреаты (2011, 2012).
Ал бильярдка жакын болгон. 2001-жылдан бери Казакстан Республикасынын Бильярд спорту боюнча федерациясынын вице-президенти болгон.
Фархат Абдраимов ондогон кинолордо роль жараткан, алардын катарында “Фара”(1998) жана "Кызгылт коёндун жомогу" (2010).
Ссылка: https://barometr.kg/kazak-akteru-farhat-abdraimov-gruziyada-kinogo-tartylyp-zhatyp-kaza-boldu
Добавить комментарий ×