Каза болгон бейтап борбордогу базарда жашылча-жемиш сатып иштеген
Бүгүн каза болгон 36 жаштагы эркек бейтап Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып, өлүктү көмүү зыйнатына катышкан. Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан, өзүнө - өзү дарылаган. Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
"Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппаратына кошулганы менен каза болуп калган", - деди Үсөнбаев.
Белгилей кетсек, Республика боюнча коронавирустан каза тапкандардын саны 30 жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-bejtap-borbordogu-bazarda-zhashylcha-zhemish-satyp-ishtegen
Добавить комментарий ×