Каза болгон бейтап борбордогу базарда жашылча-жемиш сатып иштеген

17 июня 2020 12:10 1525 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн каза болгон 36 жаштагы эркек бейтап Бишкек шаарынан Жалал-Абад облусунун Сузак районуна барып,  өлүктү көмүү зыйнатына катышкан.  Ага чейин бейтап борбордогу базарлардын биринде жашылча-жемиш сатып иштеген. Оорунун белгилери пайда болгон учурда, медициналык мекемеге кайрылбастан,  өзүнө - өзү дарылаган.  Антибиотик дарыларды колдонгону белгилүү болду. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Жалал-Абад облусуна келгенде абалы кескин түрдө начарлап кетип, ооруканага кайрылган. Кеч кайрылганына байланыштуу, эки тараптуу пневмония күчөп кетип, ИВЛ аппаратына кошулганы менен  каза болуп калган", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Республика боюнча коронавирустан каза тапкандардын саны 30 жетти.

Ссылка: https://barometr.kg/kaza-bolgon-bejtap-borbordogu-bazarda-zhashylcha-zhemish-satyp-ishtegen



Добавить комментарий