Катуу тормоздон улам жүргүнчүлөр пенсионер аялды басып калышып, анын буту сынды

11 май 2019 13:17 2596 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айдоочу тормозду кескин түрдө тээп жибергендиктен улам  салондогу жүргүнчүлөр пенсионер аялды басып калып, анын бутун сындырышканын Sputnik Казахстан агенттиги кабарлады. Окуя Алмата шаарында айдоочу жүргүнчү автобусту дароо токтоткондо болгон.

Пенсионер аял автобусту дароо токтоткон айдоочунун айынан жабыркады. Кондуктор аялды автобустан чыгарып, айдоочу сапарын улаган.

Автопарк жабырлануучунун дарылануусуна жана реабилитациясына кеткен каражатты төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Ал эми айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылып, айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды. Ошондой эле 101 миң тенге айып пул салынды.

Басылма жабыркаган аял Семипалатинск полигонунун ардагери экенин жазды.

Ссылка: https://barometr.kg/katuu-tormozdon-ulam-zhrgnchlr-pensioner-ayaldyn-basyp-kalyshyp-anyn-butu-syndy



Добавить комментарий