Катар курамасы Азия кубогунун финалына чыкты
Катар мамлекетинин футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогунун финалына чыкты. Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия кубогунун алкагында Катар кечээ Бириккен Араб Эмираттарынын курамасы менен жарым финалда беттешип 4 : 0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш Катар футболчуларына Азия Кубогунун тарыхында биринчи жолу финалга чыгышына мүмкүнчүлүк берди.
Эми алар финалда Азиянын 4 жолку чемпиону Япония курамасы менен беттешет. Самурайлар өлкөсүнүн футболчулары мурдагы күнү Австралияны 3 - 0 эсебинде утуп финалга жолдомо алган болчу.
2019-жылдагы Азия Кубогунун ээсин аныктоочу финалдык беттеш 1-февралда Абу-Даби шаарындагы "Зайед спорт Сити" стадионунда өтөт.
Эске сала кетсек Кыргызстандын улуттук курама командасы да тарыхта алгачкы ирет бул мелдешке катышып, жарым чейрек финалга чейин жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/katar-kuramasy-aziya-kubogunun-finalyna-chykty
Добавить комментарий ×