Касымалиева: “Исакунова жөлөк пулга берилүүчү 1 миллиард 300 миллион сомду үнөмдөп калган”
“Элдин көбү жөлөк пул ала албай жатканда Исакунова 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп калган”, - деди депутат Аида Касымалиева бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында. Эл өкүлү министрдин бул аракетин кылмыш катары мүнөздөп, теритирүү жүргүзүүнүн зарылдыгын айтты.
"Исакунова министр болуп иштеп турганда элдин көбү жөлөк пул ала албай калган учурда 1 миллиард 300 миллион сом үнөмдөп койгон. Ал акчага 59 унаа жана интернаттарды оңдойм деген каты бар экен. Муну каржы министринин орун басары да тастыктады. Мен аны текшерүүгө берем. Башкы прокуратура жана Коррупцияга каршы кызматы дагы барып текшериш керек. Бул деген кылмыш", - деди Касымалиева.
Мындан тышкары депутат эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматынан кеткен Таалайгүл Исакунова азыр да министрликке келип, мыйзамсыз буйруктарга кол коюп, мамлекеттин жумушуна аралашып жатканын айтып тынчсызданды.
Добавить комментарий ×