Социалдык өнүктүрүү министри Таалайкүл Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайкул Исакунова ээлеген кызматынан бошотулду. Бул туралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Исакунова Таалайкул Базаркуловна ээлеген кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду.
Белгилей кетсек, депутат Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилигиги дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын айткан. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузулганын аныктаган. Буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова дагы кызматтан кетүү тууралуу арызын жазган болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-nktr-ministri-taalajkl-isakunova-eelegen-kyzmatynan-boshotuldu
Добавить комментарий ×