Кашкар Жунушалиев: "Мыкаачылык менен сабагандардын биринин тууганы милиция кызматкери болуп чыкты"
Бишкекте көчөдө эки жаранды мыкаачылык менен сабап залал келтирген катышуучу милициянын тууганы болуп чыкты. Бул маалыматты ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин комитетинин отурумунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Бул боюнча депутат Мирлан Жеенчороев суроо берип, аны министр тастыктады.
“Чыныдыгында эки жаранды мыкаачылык менен сабагандардын биринин тууганы милиция кызматкери болуп чыкты. Ал тууганынын ишине аралашты. Тергөө иши жүрүп жатат. Бүтөөрү менен бардык суроолорго жооп беребиз. Жакынкы күндөрү эле шектүүлөрдү табабыз”, - деди министр.
Жунушалиев ошондой эле, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экени, бул ишке кийлигишкен милиция кызматкерине карата кызматтык иликтөө башталганын кошумчалады.
Эске сала кетсек, 28-августта таңкы саат жетилерде Бишкектин И.Ахунбаева менен Курчатова кѳчѳ кесилишиндеги “Ярмарка” супермаркетинин жанында эки жаранды белгисиз адамдар мыкаачылык менен сабашкан. Алардын бири алган жаратынан комага түшүп, экинчиси бети-башы канга боёлгон. Алар ошол эле күнү ооруканага жеткирилген. Комага түшкөн жабыркоочу учурда өзүнө келген, бирок жакындарын тааныбай жатканын дарыгерлер айтышкан.
Добавить комментарий ×