Мыкаачылык менен сабалгандардын абалы оор бойдон калууда

3 сентября 2019 14:31 1574 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бишкекте мыкаачылык менен ур-токмокко алынган эки эркектин тең абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Эки кишини 28-август күнү Иса Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Ярмарка" супермаркетинин жанында белгисиз жарандар сабап кетишкен.

Буга чейин интернетке Бишкекте эркек киши катуу сабалып жаткан видео тараган. Анда көрүнүп тургандай, бир нече эркектин ортосунда чыр чыгып кетет. Алардын бири катуу сокку алып эсин жоготот. Экинчиси каршылык көрсөтүүгө аракет кылат, бирок эки эркек аны ур-тепкиге алат. Шектүүлөрдүн ким экени аныкталып, учурда аларды милиция издеп жатат.

"Экөө тең башынан катуу жаракат алган. Бири кома абалында келип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Кечээ абалы турукташып, нейротравматология бөлүмүнө которулду. Башы магниттик-резонанстык томографияга тартылды. Мээсинде кан шишиги бар экен, бирок аны операциясыз эле дарыламай болушту", — деди  Жылдыз Айгерчинова.

Анын айтымында, экинчи оорулуу дагы бардык тиешелүү кароолордон өттү. Анын дагы мээсинде шишик бар. Ошондой эле бет сөөгү талкаланып кеткендиктен, ушул тапта бет-жаак бөлүмүндө жатат. Сынган сөөктөрдү калыбына келтирүү үчүн ага операция жасалары айтылды. Бирок качан экени азырынча белгисиз. Дарыгерлер бейтаптын шишиктери тарагыча күтмөкчү.

Учурда жабыркануучулардын туугандары акыйкаттык издеп укук коргоо кызматкерлерине кайрылып жүрүшѳт.

Ссылка: https://barometr.kg/salamattykty-saktoo-sabalgandardyn-abaly-oor-bojdon-kaluuda



Добавить комментарий