Каржы пирамидасын уюштурган "ОК платформа" интернет-сайтынан жабыркагандарды ИИМге кайрылууга чакырды
"ОК платформа" интернет-сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маадыматына таянып “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, ИИМдин Тергөө кызматына Ж.К аттуу жаран кайрылып, С.И.Эгембердиевге карата чара көрүүнү суранган.
“Себеби, ал 2022-жылдын сентябрынан ноябрь айына чейин «ОК Платформасынын» сайты аркылуу каражаттарды көбөйтүү шылтоосу менен пирамидалык схеманы уюштуруп, алдамчылык жолу менен 23 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаттарын ээлеп алган.
Аталган факты, ИИМдин Кылмыштардын бирдиктүү реестирине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иш-аракеттеринин негизинде жаран С.Н.Эгембердиев кармалып келип, кылмышка шектүү адам катарында Бишкек шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
2022-жылдын 25-декабрында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан анын баш коргоо чарасы каралып, айыпкер С.Н.Эгембердиевдин бөгөт коюу чарасы Бишкек шаарында жайгашкан Тергөө абагына камакка алуу түрү тандалган.
Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшүндө 28 жаран ушундай эле арыз-даттануулар менен республиканын шаардык жана райондук бөлүмдөрүнө кайрылышып, арызда көрсөтүлгөн дооматтардын негизинде кылмыш иштери козголуп, бардык иштер бир өндүрүшкө бириктирилип тергөө иштери башталган.
Учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана тергөөгө камсыз кылуу багытында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, жогоруда аталган адамдын кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган адамдарды аныктоо иштери улантылууда”, -деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу, шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан бардык жарандарды ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууну суранабыз.
Байланыш телефондору: 0550233747, 0702373770, 0773398585, 0709008887 , 0312266108.
Добавить комментарий ×