Карыздын айынан бычактап салган. Ошто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

24 июнь 2022 15:01 1191 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто карыздын айынан чыккан чырдан улам 36 жаштагы жаранды бычак сайып өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, кече 23-июнь күнү милицияга Кара-Суу районунун  Кенжекул айылынан белгисиз жаран каза болгон абалда Кара-Суу райондук ооруканасына келгендиги боюнча маалымат түшкөн.

"Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда, окуя 23-июнь күнү саат 15:30 чамасында болгону маалым болгон. Кара-Суу районунун  Курбан-Кара айылынын тургуну 26 жаштагы С.Ж., менен Савай айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну У.А., атуу жарандардын ортосунда карыз акча боюнча пикир келишпестиктен оозеки кайым айтышуу болуп кеткен. С.Ж., өзү менен кошо алып келген бычагы менен У.А. аттуу жарандын денесине бир нече жолу сайып жиберген.

Натыйжада У.А., алган жаратынан ооруканага жетпей каза болгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маркумга карата денесине кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факт 2022-жылдын 24-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 122-берененин (адам өлтүрүү) негизинде  кылмыш иш козголгон.

Кылмышка шектүү кара-Суу районунун 26 жаштагы тургуну С.Ж., аттуу жаран кармалып, Кара-Суу РИИБдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда", -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/karyzdyn-ajynan-bychaktap-salgan-oshto-adam-ltrg-shekt-karmaldy



Добавить комментарий