Кардиолог: Коронавирус жүрөк-кан-тамыр ооруларын күчөтөт жана аны даарылоо оор болот

3 сентябрь 2020 12:57 1692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Коронавирус илдети жүрөк-кан-тамыр ооруларын күчөтөт жана аны даарылоо көпкө созулат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу Акпай Сарыбаева берген маалымтка таянып “Барометр” билдирет.

"Коронавирус  жүрөк-кан-тамыр ооруларын өрчүтөт жана аны дарылоо көпкө созулат. Мындан улам, коронавирус жана жүрөк оорулары бар бейтаптар бир катар тийиштүү чараларды сактоосу зарыл", - деп билдирди кардиолог.

COVID-19  менен ооруп, айыккан жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптар үчүн төмөнкүлөр сунушталат:

Ооруканадан чыккандан кийин бейтаптар 14 күнгө чейин изоляцияда болушат;

Изоляция учурунда кайра калыбына келүү программасын аткаруусу сунушталат жана изоляция маалы бүткөндөн кийин, атайын реабилитациялоо борборлоруна барууга мүмкүн;

Үй шартында толук туура тамактануу зарыл: жашылча-жемиштердин көптүгү (400 гр кем эмес), тамактын аз туздуулугу ( 5 гр ашпаган), суюктукту  чектөө зарыл бир күндө 1 - 1,5 литр ичүүгө болот, эгерде дене табы көтөрүлсө 2 литрге чейин көбөйтүүгө болот;

Сөзсүз түрдө дем алуу гимнастикасын жасоо.  Бул багытта программаларды республикалык ден соолукту чыңдоо борборлорунун сайттарынан табууга мүмкүн;

 Ооруканадан чыгып баратканда физикалык активдүүлүк менен канчалык деңгээлде  машыгууга мүмкүн экенин билип алуу зарыл.  Эгерде дене табы 37,5 - 38 ге көтөрүлсө, жүрөктүн согушу 100дөн ашса, дем алуусу бир мүнөттө 30дан ашса жана сатурациясы 93%дан жогору болсо, физикалык активдүүлүк  сунушталбайт.

Дарыгер тарабынан жазылып берилген дарыларды ичүү маанилүү, бирок кан басымы түшүп же башка дагы өзгөрүүлөр болсо,  дарыгерге кайрылууга керек.

Ссылка: https://barometr.kg/kardiolog-koronavirus-zhrk-kan-tamyr-oorularyn-kchtt-zhana-any-daaryloo-oor-bolot



Добавить комментарий